Кара-суулуктар Талас районунун баш имам-хатибине автоунаа белек кылышты

Талас районунун баш имам-хатиби Райымберди Өмүралиевге Кара-Суу айылынын жашоочулары Ауди C4 үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты.

«Азыркы учурда республикабыздын бардык аймактарында эл тарабынан имам-хатибдердин эмгеги баааланып жатат. Бул абдан кубанычтуу жаңылык. Берген белегиңиздер ишибизди жеңилдетип, Жараткандын ыраазычылыгы үчүн талыкпай кызмат кылууга дем-күч берет. Баарыңыздардан Аллах ыраазы болсун. Ынтымагыбыз арта берсин», — деди Райымберди Өмүралиев.        

Белгилей кетсек, аталган айыл тургундары буга чейин баш имам-хатибге умра сапарына жолдомо белек кылышкан.