Аалымдар Кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, 2024-жылга карата иш планы бекилди

Бүгүн, 27-декабрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйынга Азирети Муфтий Замир кары Ракиев, орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов жана муфтияттын бир катар бөлүм башчылары катышты.

Кезектеги жыйында Аалымдар Кеңеши 2024-жылга карата жылдык иш планын бекитти жана ажылык ибадатына байланыштуу «Арафатта бешим намазы менен аср намазын бир убакытта окулуусу» боюнча фатва кабыл алды. Мындан сырткары Кыргызстандагы диний билим берүү тармагын өнүктүрүү жана иретке келтирүү боюнча бир катар чечимдерди кабыл алды.

Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдиманап кары Масалиев диний билим берүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп: «Аалымдар Кеңеши КМДБ уставын жетекчиликке алуу менен өзүнүн уставындагы милдеттеринин алкагында Матуриди акыйдасы боюнча өлкөдө имамдар үчүн, медресе мугалимдери жана студенттери үчүн быйылкы жылы масштабдуу сабактарды өттүк. Жакынкы күндөрдө болуп жаткан аттестацияда ушунун жыйынтыгын көрүп жатабыз. Билим жаатында алдыга жылыш бар жана имамдарда туура акыйда боюнча изденүү болуп жатканын байкадык. Диний билим берүүчү мекемелердин (медреселердин) ишмердүүлүгүн жакшыртуу, дипломдорун бирдиктүү реестрге каттоо системасын ишке ашыруу жана бул тармакты өнүктүрүү боюнча Муфтияттын аппарат жетекчисинин реформа кылуу демилгеси колдоого алынышы керек. Себеби, медреселердин окуу программасын дагы да бышыктап иштеп, анын аткарылышын көзөмөлдөп, кемчиликтерин оңдоп, билимдүү, илимдүү дин кызматкерлерин өстүрүү баарыбыздын негизги максатыбыз. Аны менен катар шарттуу түрдө жабылган мечиттерди ачуу жагын тездетүүнү тапшырабыз», – деди.

Иш-чара соңунда диний агартуучулук жаатындагы ийгиликтүү ишмердүүлүктөрү, талыкпас аракеттери жана сиңирген эмгектери үчүн Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Дүйшөнбек ажы Өтөнбай уулу, Молдо Ашыр Садиллаев, Марс ажы Ибраев, Мирзат ажы Барпыбеков Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланды.