Ош облустук казыятында жыл жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 27-декабрь күнү Ош облусунун мусулмандарынын казыятынын имаратында райондук баш имам-хатибдерге жыйын өткөрүлүп, жыл жыйынтыгы чыгарылды. Аталган жыйында райондук баш имам-хатибдер жыл ичинде аткарган иштери тууралуу отчётторун тапшырышты.

Жыйында өз ишин мыкты деңгээлде аткаргандыгы үчүн айрым кызматкерлерге түрдүү маанидеги ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Алсак, диний объектилерди эсептик каттоодон өткөрүүдө көрсөткөн кызматтары үчүн Абдималик ажы Турсунбеков жана кадр, катчылык кызматтарын жоопкерчилик менен аткаргандыгы үчүн Ибрагим Ильяс уулуна «мыкты казыят кызматкери» номинациясы ыйгарылды.

Ал эми төмөнкү кызматкерлер казыяттын Акыш баракчаларына ээ болушту:

Мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүүдө жана элдин диний сабаттуулугун жогорулатууда талыкпастан эмгектенгендиги үчүн Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров жана Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов;

Кайрымдуулук иштерин көп уюштургандыгы үчүн Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров.

Аталган жыйынга ДИМК ТАБнын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, казыят кызматкерлери, облустагы жети райондун баш имам-хатибдери жана жардамчылары катышты.