Баткенде имамдын демилгеси менен аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам көрсөтүлдү

Баткен районунун Самаркандек айылындагы «Чек» мечитинин имамы Шарип Абдуллаев тарабынан айылдагы Мурат Салихов атындагы орто мектепте билим алып жаткан аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары менен «Силер биздин келечек «аттуу темада жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуу соңунда 7 бала жана 7 кызга кышкы жылуу бут кийим жана таттуулар тапшырылды. 

«Урматтуу балдар! Силер биздин сыймыгыбызсыңар. Ар дайым алга карай умтулуп, чоң максаттарды коюп, ошого жетүүңөргө тилектешмин. Силерге Жараткандан ыйман, адептүүлүк жана чың ден соолук, окууңарга  ийгиликтерди тилеймин. Келечегиңер жарык болсун. Эл ишенимин актаган, Мекенибиздин сыймыктуу уул-кыздары болуп өскүлө. Өз кезегинде биз силердин жаркын келечегиңер үчүн болгон эмгегибизди аябайбыз», – деди Шарип Абдуллаев.