Жаңы дайындоо: Умарали ажы Муратов Араван районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды

Ош облусуна караштуу Араван районунун баш имам-хатиби Максат кары Сидиков өз арызынын негизинде иштен бошоп, анын ордуна Муратов Умарали Келдибаевич дайындалды.

Муратов Умарали Келдибаевич тууралуу маалымат:

1973-жылдын 5-декабрында Араван районунун Сарай айылында туулган.

Билими:

1995-1999-ж.ж. «Сайид Мухиддин» медресеси;

2011-2016-ж.ж. «Имам аль-Бухарий» ислам институту;

Учурда Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин Ош шаарындагы коллежинде 3-курс студенти.

Эмгек жолу:

2002-2008-ж.ж. «Дини Ислам» мечитинде имам-хатиб;

2012-2015-ж.ж. «Имам аль-Бухарий» медресесинде мүдүр;

2016-2018-ж.ж. Араван районунун баш имам-хатиби; 2019-2023-ж.ж. «Имам аль-Бухарий» медресесинде мугалим.