Жалал-Абад: Казыят кызматкерине умра сапарына жолдомо берилди

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын катчысы Канатбек Мусурманкуловго «Түз багыт» медиа-порталы Умра сапары үчүн жолдомо белек кылды. Жолдомону Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков тапшырды.

Облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков, “Биздин катчыбыз Канатбек Мусурманкулов казыят үчүн, дин ислам үчүн талыкпай эмгек кылып келүүдө. Канаттын эмгегин баалабасак болбойт. Эң башкысы Канат таксырым, Аллахтын үйүнө каалаган адам эле бара бербейт. Жараткандын мына ушундай нээматы сизге буйруптур. Сиз бактылуу жан экенсиз. Аллахым умра амалдарыңызды кабыл кылсын”, – деди.

Ал эми Канатбек Мусурманкулов казыят жетекчилигине жана демөөрчүгө ыраазычылык билдирип, буларга токтолду: “Бардык нерсе ниетке жараша деген сөздүн чындыгы ушул тура. Умрага баруу бирден-бир ниетим жана каалоом эле. Аллахтын буйругу менен «Түз багыт» медиа-порталы себепчи болуп, каалоом орундалып олтурат. Менин эмгегимди баалап, сунуш берген кесиптештериме жана колдоого алган облус казысы Нематулла ажы Жээнбековго ыраазычылык билдирем».

Белгилей кетсек, Канатбек Мусурманкулов 2022-жылдын апрель айынан бери Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятында катчылык кызматты аркалап келет. Эми ал үстүбүздөгү жылдын 29-декабрь күнү кечинде Ош-Жидда багыты боюнча умра амалын аткаруу үчүн учуп кетмекчи.