Баткен шаарында мектеп окуучуларына терс агымдардын кесепети тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кечээ, 26-декабрда Баткен облусунун Баткен шаарындагы “Ыйман” гимназиясынын окуучуларына ыйман, адеп-ахлак жана терс агымдардан оолак болуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чарага Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер иштер инспекциясы боюнча аймактык тескөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Абдыгапар Садиров, Баткен ШИИБдин КККнын ЖЖЭИ боюнча аймактык тескөөчүсү, милициянын лейтенанты Кошмат Орунбаев, Баткен шаарындагы «Сайдахмад уулу Мирболот» атындагы мечиттин имамы Муртаза Акматов катышты.

Адистер окуучуларга убакытты туура пайдалануу, адепсиздиктин акыбети, терс диний агымдардан этият болуу туурасындагы маалыматтарды бөлүшүп, суроолорго жооп берди. «Билимдүү, адептүү жаштар өлкөнүн келечегибиз болгондуктан, биз аларга жаштайынан жакшы тарбия берип, ыймандуулукка, адептүүлүккө, убакытты туура пайдаланууга чакырып, туура эмес жүрүм-турумдан, терс диний агымдардын кесепети, ата-энени сыйлоо, чөйрөгө болгон мамиле туурасында көп айтышыбыз керек», – деди Муртаза Акматов.