Жети-Өгүздө имамга умра сертификаты белек кылынды

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын имамы Жумабек Ташбаевге айыл жаштары умра сапарына жолдомо белек кылынды. Казыяттан билдиришинче, жаштар имамдын элге кылган кызматын жогору баалап, ыраазычылык катары жер бетиндеги эң ыйык жерге барып келүүсүн туура көрүшкөн. Атайын даярдалган сертификатты тапшыруу үчүн Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу аталган айылга келип, жаштарга өзүнүн жана райондогу жалпы имамдардын атынан ыраазычылык билдирди.

«Кайсы бир кездерде ушул жерде турган көпчүлүгүбүз, анын ичинде мен дагы ислам дининен кабарыбыз жок кездерде ушул имамдарыбыз колунан келишинче элге динди үйрөтүп келишкен. Алардын кылган иштеринен Жараткан Алла Таала ыраазы болсун. Сиздер ушинтип эмгегине ыраазы болуп, сыйлап жатасыздар. Сиздерге да ыраазычылык, тапканыңарга береке берсин, аман болуңуздар! Эл тарабынан эмгек бааланып турса, имамдарыбыз дагы да көп иштерди кылышат», – деди баш имам-хатиб.

Белгилей кетсек, Жумабек Ташбаев Кабак айылында 15 жылдан бери имамчылык кылып келет. Анын аткарган иштеринин аркасында жаштар ыйманга келип, дин илимине кызыгып, окуп жаткан уул-кыздардын саны артууда.