Таласта баш имам-хатибдер жылдык отчётун тапшырышты

Кечээ, 28-декабрь күнү Талас облусунун мусуландарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев райондук баш имам-хатибдердин жылдык отчётун укту. Жыйындын жүрүшүндө баш имам-хатибдер экстремизм жана терроризм, ысырапкорчулукка каршы өткөрүлгөн жыйындар, мечиттердин документтери жана ошондой эле бир жыл аралыгында аткарган иш-чаралары тууралуу маалымат беришти.

Облус казысы 2023-жыл ийгиликтүү жылдардан болгондугун белгилеп, КМДБнын буйрук-тапшырмалары өз убагында так аткарылып, мечит-медреселерге тиешелүү болгон документтер жана диний объектилерде өрт коопсуздугу толук камсыздалганын айтты.

«Ушул жылда казыятыбыздын жаңы заманбап кеңсесин салтанаттуу түрдө ачтык. Ал эми имам-хатибдерибиздин эмгектери эл тарабынан бааланып, кээ бир имамдарыбыз үйлүү, автоунаалуу болуп, кичи ажылыкка да барып келишти. Кудай буйруса, 2024-жылы да динибиздин өсүп-өнүгүүсү, Талас элинин ынтымагы үчүн баарыбыз биргеликте кызмат кылалы», — деди облус казысы.

Жыйын соңунда өз ишин мыкты алып барган баш имам-хатибдерге жана имам-хатибдерге КМДБ тарабынан Алкыш баракчалары жана Талас облусунун мусулмандарынын казыяты тарабынан ыраазычылык каттары тапшырылды.