«Абдыжапар» атындагы ислам институтунда үлгүлүү студенттер сыйланды

Бүгүн, 29-декабрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтүндөгү Медресе айылында жайгашкан «Абдыжапар» атындагы ислам институтунун үлгүлүү студенттерине жана сабак берген мугалимдер жамаатына сыйлыктар тапшырылды.

«Жүрүм-туруму жана адеп-ахлагы менен башкаларга үлгү болуп келе жатышкандыгы жана окуудагы жетишкендиктери үчүн мыкты студенттерибизге Ардак баракчаларды тапшырдык», — деди окуу жайдын ректору Алтынбек ажы Туйчиев.

Институт тарабынан сыйланган студенттердин курсу жана тизмеси:

1-курс: Бегматаев Мирбек, Мырзабахрамов Фазлидин, Калдар уулу Акжол, Абдыкаримов Чыңгыз жана Авазбеков Жаьфар;

2-курс: Касымалы уулу Азамат жана Акжолов Ибраим;

3-курс: Курстанбек уулу Нурдан жана Токтосунов Баел;

4-курс: Эсеналиев Адахан жана Эргешбаев Эрзат.

Ошондой эле, студенттерге диний билим берүүдө жана окуу жайдын ишмердүүлүгүн жакшыртууда талыкпай эмгектенип келе жаткан устаздар жамаатына да рахмат айтып, ыраазычылык баракчаларын тапшырды.