Баткенде мечит азанчысына умра сапарына жолдомо тапшырылды

Бүгүн, 29-декабрь күнү Баткен шаар-районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусовдун демилгеси менен Баткен шаарындагы борбордук “Нуьмани” мечитинин жамааты азанчы Мойдун Рахимкуловдун элге, ислам динине кылган эмгегин баалап, умрага жолдомо беришти.

Бешим  намазынан кийин эл алдына Баткен шаар-районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусов чыгып, имамдардын ислам динине, жаш жеткинчектерге, элге кылган кызматы бааланбай, көмүскөдө калбашы керектигин айтып, эмгегин баалоо максатында жалпы шаар тургундарынын жана мечит жамаатынын атынан азанчыга умра сапарына сертификат тапшырды.

«Мындай жакшы саамалыктар башка айылдарга дагы жугумдуу болуп, имамдарыбыздын элге кылган кызматтары сүйүнүчтүү белектер менен бааланып турушун жараткандан тилеп кетебиз», — деп билдирди ал.