Кара-Кулжа районунда имамдардын жыйыны болуп, жыл жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 29-декабрь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун жалпы имамдарына жыйын өткөрүлүп, жыл жыйынтыгы чыгарылды.

Райондун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев жыл ичинде хатибият менен тыгыз иштешкен, эл арасында тынымсыз болуп, жакшылык-жамандыкта кызмат кылган, ар дайым мечиттин тазалыгына көңүл буруп, ибадат кылууга жакшы шарт түзгөн дин кызматкерлери ыраазычылык баракчасы менен сыйланганын билдирди.

Айта кетсек, Кара-Кулжа районунда 67 мечит мыйзамдуу түрдө өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.