![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2023/12/d80abf76-4c8d-4d1e-9595-3b6f325bb72e.jpg)
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Ананьево айылынын Ляченко атындагы орто мектебинин 8-11-класстын окуучулары менен айыл имамы Бекбосын Дияров жолугуп, балдарга рэкетчилик, адеп-ахлак, жалпы ислам дини боюнча түшүнүк берди.
«Ислам динибизде мусулмандын жаны, малы, ар-намысы өтө баалуу болуп саналат. Ошол себептен башка мусулмандын ар-намысына тийүү, анын малына, жанына кол салуу арам эсептелип, тыюу салынган. Рэкетчилик кылып, коркутуу жолу менен каражат талап кылуу сыяктуу жаман иштерден алыс болгула. Андан көрө бири-бириңерге жардамдашып, көмөктөшүп бир тууган болгула!», — деп насаатын айтты Бекбосын Дияров.