![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2023/12/IMG-20231229-WA0105.jpg)
Бүгүн, 29-декабрь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүндө жайгашкан «Жабир» кыздар медресесинде студенттердин ата-энелери үчүн чогулуш өткөрүлүп, жакшы окуган студенттерге окуу жайдын Ардак грамотасы тапшырылды.
«Эс алуу күндөрүндө ата-энеңерге кызмат кылып, убакытты туура пайдалангыла. Медреседе студент китеп окуу менен эле чектелбестен, баскан-турган кадамына да көңүл буруу зарыл. Анын адеби башкаларга үлгү болушу керек», — деди Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков.
Айта кетсек, аталган окуу жай 2018-жылы эсептик каттоодон өтүп, 2021-жылдан баштап ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Учурда 50 дөй студент кыздар илим алууда.