Жети-Өгүз имамдарына жыйын өтүп, жыл жыйынтыгы чыгарылды

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында райондун имамдарына жыйын болуп өттү. Жыйынды райондун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу уюштуруп, жыл жыйынтыгын чыгарды. Жыл ичи аткарылган иштер угулуп, келерки жылга карата иш пландар коюлду.

«Урматтуу имамдар, сиздердин кылган кызматыңыздардан биринчиден Алла ыраазы болсун. Мындан ары да биргелешип, районубуз үчүн алгылыктуу иштерди аткара берели. Элдин ыйманы, биримдиги жана башка баалуулуктар көпчүлүк учурда имамдарга көз каранды болуп калып жатат. Ошондуктан милдеттерибизди так аткарып, муфтияттан, казыяттан келген буйруктарды өз убагында так ишке ашырып туруңуздар!», — деди баш имам-хатиб.

Чогулушта быйылкы жылда алгылыктуу иш алып барган 8 имамга хатибият тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылды.