Баткен шаар-райондук хатибиятынын демилгеси менен Москвадагы мекендештер муктаж өспүрүмгө жардам колун сунушту

Баткен облусуна караштуу Баткен шаарындагы Келечек кварталынын 7 жаштагы тургуну Абибилла Убайдуллаев кичинекейинен эле белинде грыжа пайда болуп, тилекке каршы Кыргызстандагы ооруканалардан шыпаа таба алган эмес.

Ата-энеси баласын айргасыз чет өлкөдө операция жасатууга муктаж болгон. Бирок көп суммадагы акча каражаты керек болгондуктан калктан жардам сурашкан. Россияда иштеп жүргөн мекендештерибизден түзүлгөн “Өрүкзар” коому акча каражатын чогултуп, Абибилланын опреациясына кошумча болсун деп 109 160 рубль жиберишкен.

Кечээ, 28-декабрда Баткен шаар-районунун баш имам-хатиби Абдирашид ажы Юнусов менен Келечек кварталынын башчысы Абдимиталип Буркановдор мекендештер салып жиберген 109 160 рублди Абибилланын атасы Камчы Исаевге тапшырышты.

«Аманатты өз ээсине жеткирип, кыйла жеңилдеп калдык. Алла Таалам кичинекей бир тууганыбызга шыпаа берсин. Өздөрү алыста болсо да, жүрөктөрү мында болгон мекендештерден Жаратканым ыраазы болуп, тапкандарына береке берсин», — деди баш имам-хатиб.

Ал өз сөзүндө кайрымдуу боорукер инсандарга кайрылып, эгерде жардам берүүгө ниеттенгендер болсо, өспүрүмдүн ата-энеси менен түз байланышууга үндөдү.