Нийматилла ажы Топчиев диний билимдүү айымдар менен жолугушуп, аялдар арасындагы ысырапкорчулукту токтотуу боюнча пикир алышты

Кечээ, 29-декабрь күнү Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Нийматилла ажы Топчиев шаардагы диний маалыматтуу устазалар менен жолугушуп, аларга салттуу Ханафий мазхабы жана Матуридий акыйдасы боюнча маалымат берди. Жыйындын алкагында баш имам-хатиб той-мааракелерде жана өлүм болгон жерлерде аялдар арасындагы ысырапкорчулукту кыскартууга кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирди.

«Быйылкы жылда ысыраптын алдын алуу боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин буйругуна ылайык, бир нече иш-чараларды өткөрдүк. Бул иш-чараларыбыз максаттуу болушу үчүн той-мааракелердеги аялдар арасындагы чүпүрөк которуу жана ушул сыяктуу салтка айланган ысрапкорчулукту жоюуда диний сабаттуулугу бар аялдар менен чогуу аракет кылсак, максатка жетүү оңой болот», – деди Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Нийматилла ажы Топчиев.