Алимбек Маматаминов: «Элдин ибадатына шарт түзүүгө аракет кылуудабыз»

Кечээ, 1-январь күнү Ош облусуна караштуу Чоң -Алай райондук хатибиятынын демилгеси менен борбордук мечиттин жаңыдан курулган дааратканасы бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

«Мечитке келген жамааттын ибадат кылуусу үчүн жакшы шарт түзүүгө колдон келишинче аракет кылып келүүдөбүз. Учурда ибадаттын башаты болгон даарат алуу үчүн заманбап даараткана салынды. Курулуш иштеринде жакындан жардам көрсөткөн жергиликтүү жамааттан Аллах ыраазы болсун», – деди баш имам-хатиб Алимбек Маматаминов.

Айта кетсек, бүгүнкү күндө Чоң-Алай районунда 60 мечит эсептик каттоодон өтүп, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.