Баткенде имамдын демилгеси менен жаш спортчуларга 16 миң сомдук спорттук кийимдер тапшырылды

Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Молдо Мурзакан» мечитинин имамы Айбек Кузибековдун демилгеси менен Москва шаарындагы «Кара-Жыгач» фондунун мүчөлөрү тарабынан «Дыйкан» орто мектебинин спортчу окуучуларына 16 миң сомдук спорттук кийимдер тапшырылды. Дин кызматкери жаш жеткинчектерге билим, тарбия берип жаткан мугалимдерге ыраазычылык билдирип, окуучуларга ата-энени сыйлоо, устаттарды урматтоо, достор менен жакшы мамиледе болуу тууралуу насааттарын айтты.

«Эгерде силер билимдүү, тарбиялуу болсоңор жеке ишкерлер тарабынан дагы да көп колдоолор болот. Силерден үмүтүбүз чоң. Демөөрчүлүк кылышкан ага-эжелериңердей элибизге пайдаңар тийген азаматтардан болгула», – деп дубасын берди имам.

Мугалимдер жана окуучулар имамга ыракматтарын айтышып, билим ордосуна келип тарбиялык сабактарды өтүп берип туруусун сунуш кылышты.