Баткендеги 76 муктаж үй-бүлөгө 1386 мүшөк көмүр таратылды

Баткен облустук мусулмандар казыяты «Исар» кайрымдуулук фонду менен биргеликте 1386 мүшөк көмүр таратты. Кайрымдуулук саамалыкка облус казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов катышып, жардам колун сунгандарга ыраазычылыгын билдирди.

«Жалпы 58 тонна көмүр 76 үй-бүлөгө таратылып берилди. Иш-чара облустук казыят жана «Исар» кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулуп, жардам тегиз бөлүндү. Кайрымдуулук кылгандарга облус казысынын атынан ыраазычылыктар айтылып, элдин тынчтыгы, өлкөбүздүн бүтүндүгү үчүн дуба кылынды»,-деди Муса ажы Жолдошов.

Ал эми жардам алган муктаж үй-бүлөлөр өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришип, Баткен эли үчүн жакшы көңүл бөлүнүп жаткандыгын билдиришти.