Баткендеги Муаз Ибн Жабал медресеси жыл жыйынтыгын чыгарып, мыкты студенттерге стипендия тапшырылды

Баткен облусунун Баткен шаарындагы  Муаз Ибн Жабал медресеси жыл жыйынтыгын чыгарып, мыкты студенттерге стипендия тапшырылды.

Иш-чарага  облус казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов, медресе мүдүрү Султанмурат Исираев жана окуу жайдын жалпы эмгек жамааты катышып, 2023-жылга саресеп салынды.

«Билим – жакшы жашоонун ачкычы, Кесипке ээ болуу — коомдон ордун табуу. Ыйык Курандагы алгачкы аят “Оку!” деп башталып, Ислам дининде билим алууга өзгөчө маани берилген. Инсан бул дүйнөнүн жана акыреттин илимин алуусу керек. Качан гана адамдын руханий жан дүйнөсү оңолсо келечегибиз оңолуп, ар кандай жаман илдеттерден, терс көрүнүштөрдөн оолак болобуз. Ошондуктан балдар үчүн жакшы шарттарды түзүп берели»,-деди облус казысынын орун басары.

Ал эми окуу жайдын мүдүрү студенттердин жетишкендигине ыраазычылыгын билдирип, ар бир иш жаркын келечек үчүн жасалып жаткандыгын баса белгиледи.

«Мугалим өзүнүн өмүрүн, ден соолугун  сарптап, балдарды ыймандуу, адептүү, билимдүү, көрөгөч, ата-энесин, бир-туугандарын сыйлаганга, мекенин сүйүүгө үйрөтүү менен эң башкысы «Инсан» кылып тарбиялайт.  Мугалим өзүнүн акыл топтому, көрөгөчтүгү, изденгичтиги жана жаш баладай назик көңүлүн, чыгармачылык кудуретин келечек муунга терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгы менен кадырлоого ээ болгон инсан. Андыктан мугалимдердин ишин баалап, балдардын билим алуусуна көңүл буруу керек»,-деди Султанмурат Исираев.