Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресесинде жыл жыйынтыгы чыгарылып, мыктылар сыйланды

Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресеси жыл жыйынтыгын чыгарып, анын алкагында жылдын мыкты мугалимдери жана студенттери «Алкыш» баракчасы жана баалуу белектер менен сыйланды.

Иш-чарага медресенин мугалимдери жана окуучулар катышып, жетишкендиктер, ийгиликтер жана кемчиликтер талкууланды.

 «Ушул медреседе иштеп жаткан бардык окутуучулар жана Куран жаттап жаткан бардык студентибиз мыкты. Ошолордун ичинен ушул семестр ичинде окутууда жана окууда айырмалангандарды сыйлоону туура көрдүк», – деп билдирди медресе мүдүрү Кутман Орунбаев.