Муфтияттан түзүлгөн атайын комиссия 9-январдан тарта Сауд Араб Падышачылыгында тандоо жүргүзөт

2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Самидин кары Атабаев баштаган КМДБда  түзүлгөн комиссия  9-январдан тарта  Сауд Араб Падышачылыгына атайын иш сапары менен барышып, ажылардын тамак-аштары, Медина шаарындагы жатакана, автобустар жана башка тейлөөлөр  боюнча атайын тандоо жүргүзүшөт.

«Тандоо саамалыгына каалоочулар катыша алышат. Атайын түзүлгөн комиссия  9-январдан тарта  өз ишин жеринде баштайт»,-деди КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев.