Сарууда айыл имамынын демилгеси менен муктаждарга 50 кап ун таратылды

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын имамы Таалайбек Узаковдун демилгеси менен 50 кап ун айылдагы социалдык колдоого муктаж адамдарга таратылды.

«Бул саамалыкты айылыбыздагы Талантбек Бекелов бир тууганыбыз демөөрчүлүк кылып, сунушубузду колдоп берип олтурат. Жалпы 50 кап ун муктаж үй-бүлөлөргө таркатылып жатат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Берүүчү кол алуучу колдон жакшыраак», – деп айткан. Ушул мактоого арзуу максатында демилгени колдоп берген агабызга Алла ыраазы болсун. Жараткан Алла Таала адалдан мол ырыскы, үй-бүлөсүнө, өзүнө бекем ыйман, ден соолук берүүсүн тилейм», – деп билдирди айыл имамы.