![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2024/01/IMG-20240104-WA0019.jpg)
Бүгүн, 4-январь күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Мырзаке айылындагы жаңы спорт комплексинин ачылыш аземине катышып, жаштарды ден соолукка кам көрүүгө чакырды.
«Ден соолук бул – аманат. Ден-соолук болсо илим алууга, жакшылык иштерди аткарууга мүмкүнчүлүк болот. Ошондой эле ибадатты мыкты аткаруу үчүн да ден соолук бекем болуусу керек», – деди Акжол ажы Бакиров.
Ошондой эле «Баатыр» спорт клубун ачкан негиздөөчүсү Баатыр Кадыровдун иштерине ийгилик каалады.