Алай районунда жалпы имамдарга жыйын өткөрүлүп, жыл жыйынтыгы чыгарылды

Кечээ, 4-январь күнү Ош облусуна караштуу Алай районунун борбордук мечитинде райондогу жалпы имамдарга жыйын болуп, жыл жыйынтыгы чыгарылды.

Жыйынды жаңы баш имам-хатиб Эмирлан Бообеков ачып, төмөнкүлөргө токтолду:

«Урматтуу имам-дамлалар! Бардык нерсе Алла Тааланын каалоосу менен болот. Насип экен, Алай районунун баш имам-хатибдик кызматы бизге жүктөлдү. Сиздер менен буга чейин да хатибият кызматкери катары иштешип келгенбиз. Мындан ары да тыгыз иш алып барабыз деген ойдомун. Эң негизгиси ар бирибиз өз милдеттерибизди так аткарып, КМДБ жана облустук казыят тарабынан келген буйрук-тапшырмалардын негизинде ак кызмат кылалык. Элди туура жана так маалымат менен камсыздап, салттуу ислам жолу менен иш алып баралык. «Ынтымак жакшы – ырк жакшы, ынтымактуу журт жакшы»-дегендей, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, мамлекетибиздин туруктуулугуна жана эл-журттун ынтымагынын бекемделишине өз салымыбызды кошолук. Өзгөчө жума окулчу мечиттердин имам-хатибдери, КМДБ тарабынан 2024-жылга бекитилген темаларынын алкагында баяндарды жасаңыздар», – деди.

Ошондой эле ар бир берилген тапшырмаларды майын чыгара аткаруу керектигин айтып, имамдардан колдоо күтөрүн билдирди.

Жыйындын соңунда 2023-жылы жигердүү иш алып барган мыкты имамдар Алай райондук хатибиятынын «Ардак грамотасы» менен сыйланышты.