Акжол ажы Бакиров: «Алла Таала берген ырыскыларды ысырап кылбай, жакшылыкка сарптайлы»

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Дөң-Булак айыл аймагына караштуу Чымбай айылынын тургундары менен жолугушту.

Жолугушууда баш имам-хатиб ынтымак жана биримдик тууралуу баяндама жасап, элди ысырапкорчулукту болтурбоого чакырды.

«Күч биримдикте демекчи, эл ич ара ынтымак болуп, ысырапкорчулукту болтурбоого аракет кылса, ийгиликтүү натыйжаларга жетишет. Алла Таала берген ырыскыларды ысырап кылбастан, жакшылыкка сарптайлы», – деди Акжол ажы Бакиров.