Кызыл-Жол айылынын жаштары кары-картаң жана бейтаптарды зыярат кылышты

Баткен облусундагы Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын жаштары «Карысы бардын ырысы бар» аталышында кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүштү. Саамалыкта жергиликтүү жашоочулар айылдын «Жакшылыкта жарыш» коомдук кайрымдуулук фонду менен биргеликте чогулган 30 миң сомго чукул акчага белек алып, айылдагы карылардан жана бейтаптардан кабар алышты. Бул иш- чараны аталган айылдын активист уулу Максатбек Өзбеков демилгелеген.

«Элдин ынтымагын, биримдигин бекемдөө максатында уюштурулган мындай кайрымдуулук иш-чаралар көпчүлүккө өрнөк болуп, улууга урмат, кичүүгө ызат көрсөтүүгө багытталат», – дейт Баткен казыятынын аялдар менен иштөө адиси Уулкан Дүйшөева.

Ал аталган кварталда 80 жаштан 100 жашка чейин 30 га жакын карылар бар экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Кызыл-Жол кварталынын жашоочулары буга чейин да ооруп жүргөн кошуна айылдын тургунуна 76 миң сом акча чогултуп, акысыз батирге жайгаштырып, жардам колун сунушкан. Андан сырткары Кызыл-Жол айылындагы 20 муктаж үй-бүлөгө 40 баш кой, 10 эчки  таратып беришкен.