![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2024/01/2e4e3224-d6c2-4652-b6ad-6057ace03765.jpg)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары доктор Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушуп, 2023-жылдагы ажылык сапарын талкуулашты. САПтын ажылык министринин орун басары Кыргызстан 2023-жылы ажылыкты жакшы уюштургандыгын белгилеп, 2024-жылы ажылык иштери эрте башталгандыгын баса белгиледи.
«Биз, 2024-жылдагы ажылык иштери боюнча кеңири форматта сүйлөшүп, кошумча квота сурадык. САПтын ажылык-умра министрлигинде бул маселе комиссия аркылуу чечилгендиктен КМДБнын атынан расмий кат тапшырдык. Учурда жатакана, тамак-аш жана ыйык өрөөндөрдөгү кыргызстандык ажылардын ибадаттарынын аткарылышы боюнча өз ишибизди баштадык»,-деди Азирети Муфтий.
Андан соң тараптар 2024-жылдагы ажылык ишин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюшуп, САПтын ажылык министрлиги Кыргызстанга 6060 квота берилгендигин билдирди.
Аталган жолугушууга КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев жана ажылык-умра бөлүмүнүн адиси Дастан Нукунов катышты.