Азирети Муфтий баштаган делегация Саудияда окуп жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту

Кечээ, 7-январь күнү Сауд Арабиянын ЖОЖдорунда окуп жаткан кыргызстандык студенттердин кезектеги “Ынтымак — Жолугушуу” иш чарасы болду.

Аталган жолугушууга КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстандын Саудиядагы элчиси Улукбек Марипов, Азирети Муфтий Замир кары Ракиев, КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев жана ажылык-умра бөлүмүнүн адиси Дастан Нукунов катышты.

Жолугушууда Азирети Муфтий ынтымак, биримдик, ислам баалуулуктары жана улуттук дөөлөттөр жөнүндө сөз кылды.

«Силер дал ушул учурда абдан шарапаттуу жолдо, тагыраагы илим жолундасыңар. Бул билгенге өтө чоң курманчылык. Силер окууңарды бүтүп, өз тууруңарга кайтып, динибизге, элибизге ак кызмат кыласыңар. Ошол кезде биздин коомдун өзгөчөлүктөрүн, улуттук салт-санаасын, салттуу ханафилик мазхабын жана матуридилик акыйдасын негиз алып, кызматты ошого жараша жүргүзөсүңөр деп ойлойм. Анткени жалпыга маалым болгондой, биздин чөлкөмдө ахли сүннөттүн ханафилик-матуридилик мазхабы өкүм сүрөт», — деп билдирди ал өз сөзүндө.

Белгилей кетсек, аталган саамалык элчиликтин демилгеси менен жыл сайын уюштурулуп келет.