Ат-Башыда 4,6 млн сомдук диний имараттын ачылышы өтүп, ага облус казысы катышты

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айлында баасы 4 млн 600 миң сомдук жаңы имарат ишке берилди. Бул имараттын ичинде имамдын иш бөлмөсү, даараткана, ашкана, жатакана эң башкысы айыл тургундары, жеткинчек жаштар үчүн Курандан жана адеп-ахлактан таалим сабактарын алууга багытталган бөлмөлөр салынган.  

Имараттын ачылыш аземине облус казысы Эрик Молдокулов, айыл өкмөт башчысы Нурлан Иса уулу, мектеп директору Акматбек Токтобеков, айыл аксакалдары жана тургундары катышты.

Алгач облус казысы Эрик Молдокулов Баш-Кайыңды айылынын буга чейин облус казыяты менен биргеликте жасаган саамалыктарын эске салуу менен азыркы имараттын салынышы айыл элинин ынтымагынын шарапаты экенин баса белгилеп өттү. Демөөрчүлүк кылган инсандарга, усталарга Нарын казыятынын ыраазычылык баракчаларын тапшырды. Ошону менен облустук казыяттын атынан Куран жаттоочу балдар үчүн үстөл теннисин белек кылды. Ал эми демөөрчүлөр айыл имамынын ишин жеңилдетүү максатында ноутбук беришсе, айрымдары имараттын китеп текчеси үчүн жаңы басылган диний, адабий китептерди тапшырышты.  

Маалымат иретинде айта кетсек, бул имараттын салынышы мындан 5 жыл мурун башталган. Жерпайдын курулушуна облус казысы Эрик Молдокулов жана айылдын мурдагы имамы Сулайман Өмүракунов баштаган элет тургундары катышкан. Каражаттын тартыштыгынан токтоп турган иш аталган айылдын  тургуну, жеке ишкер Руслан Ашырбаев баштаган демөөрчүлөр тарабынан колго алынып, толук бүткөрүлдү.