Ноокат райондук хатибиятында жыл жыйынтыгы чыгарылды

Кечээ, 8-январь күнү Ош облусуна караштуу Ноокат райондук хатибиятында райондогу жалпы имамдарга жыйын өткөрүлүп, жыл жыйынтыгы чыгарылды.

Жыйында 2023-жылда аткарылган иштер боюнча маалыматтар айтылып, жигердүү кызмат кылган дин кызматкерлери жана аксакал имамдарга Ардак баракчалары тапшырылды.

«Өмүрүн динге кызмат кылуу үчүн арнаган аксакал имам-дамлаларыбызды урматтап, ак батасын алуу үчүн чакырдык. Аллахым алардан ыраазы болгон болсун», — деди Бекназар ажы Жапаров.

Ошондой эле, 2024-жылы аткарыла турган иштер боюнча талкуулап, имамдарга бир катар тапшырмалар берилди.