Ат-Башыда Куран жарышы уюштурулуп, жалпы 65 бала катышты

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы айыл аймагындагы “Усман” мечитинде жаш өспүрүмдөр арасында райондук деңгээлде Куран жарышы болуп өттү.  Жарышка жалпы 65 бала катышты. Алардын 43 ү 10 сүрөдөн болсо,  22 си 15 сүрөдөн ат салышты.

Жарышта калыстар тобунун башында Ат-Башы районунун баш имам-хатиби Абдулла Тахиров болсо, курамда мечит имамдары Рүстөм Бусурманкулов, Эрмек Жаңыбаев, Рахат Дүйшембиевдер болушту.

Куран жаттоо конкурсунда алдыңкы орундарга озуп чыккан жаш карыларга 7 велосипед тапшырылса, электрондук теспе сыяктуу кызыктыруучу белектер ар бир катышуучуга ыйгарылды.

«Куран жарышы өтө жогорку деңээлде өттү. Ат-Башы районунун тургуну Элдар Алтынбек уулу алыста иштеп жүрсө дагы кичи мекенинин жеткинчектеринин Куран жаттоосуна, динибиздин өсүп-өнүгүшүнө салымын кошкондугу үчүн жалпы катышуучулардын жана Нарын казыятынын атынан терең ыраазычылык билдиребиз», — деп билдирди казыяттын басма сөз адиси Эрнис Уметов