Эмирлан ажы Бообеков: «Окуу борбор айыл жаштарынын илим алуусуна чоң мүмкүнчүлүк»

Кечээ, 9-январь күнү Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков, хатибият кызматкери Жыргалбек ажы Калдыбаев менен биргеликте Жошолу айыл аймагынын Үч-Чат айылында жайгашкан «Медресе Ислам» диний окуу борборун зыярат кылып, ишмердүүлүгү менен таанышты.

«Окуу борбор айыл жаштарынын илим алуусуна чоң мүмкүнчүлүк. Анткени окуу борборго бош убактысында келип, илим алуусуна тиешелүү шарттар түзүлгөн. Жашы-кары дебей, баарыңыздар мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып калыңыздар», — деди Эмирлан ажы Бообеков.

Ага кошумчалай, хатибияттын атынан окуу борборго «Мечта» жаңы газ плитасы тапшырылды.

Айта кетсек, аталган окуу борбор Алай районунда эсептик каттоодон өтүп, мыйзамдуу түрдө өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан жалгыз диний окуу борбор болуп саналат. Учурда 20 кыз, 20 бала Куран окууну үйрөнүп, ислам негиздери боюнча билим алышууда. Куран жаттай баштаган жаштардын алды 1 парага жеткен.