Эмирлан ажы Бообеков: «Мечиттер — Алланын үйү. Алла Таала тазалыкты жакшы көрөт»

Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков Жошолу айыл аймагында жайгашкан «Козу ажы», «Гердегей», «Миязды» мечиттеринин имамдары менен жеринде жолугушту.

«Урматтуу имам-дамлалар! Мечиттер — Алланын үйү. Аллах Таала өзү Таза, тазаларды, анан да тазалыкты жакшы көрөт. Мечиттин ички жана сырткы тазалыгына көңүл бурушубуз кажет. Айылдагы тургундардын мечитке келип, эркин ибадат кылууларына шарт түзүп берели. Беш убакыт намазда мечитте болуп, имамдык жоопкерчиликти жогорку деңгээлде аткаралы», — деп баса белгилеп өттү Эмирлан ажы Бообеков.

Кошумчалай кетсек, 2023-жылы «Гердегей» мечитинин килеми жана ички жасалгалары жергиликтүү тургундар тарабынан жаңыланган. Ошону менен бирге мечитте жылуулук шарттары түзүлгөн.