Кызыл-Кыяда мечит ачылышы өтүп, ага облус казысы катышты

Кечээ, 9-январь күнү Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Козу айылында «Абу Бакир» мечитинин экинчи кабаты курулуп бүткөрүлүп, мечиттин ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров, казынын орун басары Муса ажы Жолдошов, казыяттын мечит жана үгүт-насаат адиси Сайдахмад ажы Аппазов жана Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Нийматилла ажы Топчиев баштаган шаар имамдары катышты.

Ачылыштын жүрүшүндө Баткен облусунун казысы Нуридин ажы сөз сүйлөп, элди ынтымакка жана биримдикке чакырды. Иш-чара аяктаган соң Баткен облусунун казысы Кызыл-Кыя шаарындагы мекемелер аралык комиссия тарабынан текшерилип, кемчиликтер себептүү убактылуу жабылган мечиттерден кабар алды. Анын алкагында тиешелүү тараптарга документтери бүтпөй турган айрым мечиттердин ишин тездетүү тапшырмасын берди.