Бекназар ажы Жапаров Ноокат районунун акими менен жолугушту

Бүгүн, 11-январь күнү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров райондун акими Жакыпбек Субагожоев менен жолугушту.

Жолугушууда райондогу диний абал, мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүү боюнча талкуу өткөрүлдү. Ошону менен бирге райондук администрациясы хатибият менен тыгыз иштешүүнү айтып, 2024-жылдагы аткарыла турган иштер боюнча пикир алышты.

«Районубузда жаңы курулуп жаткан же болбосо жаңы курула турган диний объектилердин тиешелүү иш кагаздарын даярдоодо райондук администрация менен хатибият тыгыз кызматташалы. Анткени диний объектилердин курулушу аяктап, ачылыш аземине чейин аны эсептик каттоодон өткөрүү керек», — деди Бекназар ажы Жапаров.

Айта кетсек, Ноокат районунун акими да, баш имам-хатиби да жаңы дайындалгандыктан, бири-бирин кызмат ордулары менен куттуктап, ийгилик каалашты.