Акжол ажы Бакиров: «Ибадатка кайдыгерлик кылбастан, руханий жактан жан дүйнөбүздү байыталы»

Бүгүн, 11-январь күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Үч-Каптал айылынын тургундары менен жолугушуп, ислам баалуулуктары боюнча баяндама жасады.

«Ибадатка кайдыгерлик кылбастан, руханий жактан жан дүйнөбүздү байыталы. Ибадатты аткарууда түшүнбөгөн жерлер болсо, жергиликтүү имам дамлалардан сурап тактап алсаңыздар болот», — деди Акжол ажы Бакиров.

Ошондой эле, ысырапкорчулуктун алдын алуу, тынчтык, ынтымак жана биримдик тууралуу кошумчалап өттү.