Эмирлан ажы Бообеков райондогу милиция кызматкерлери менен жолугушту

Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков райондогу милиция кызматкерлери менен жолугушуп, диний жана үй-бүлө баалуулуктары тууралуу баяндама жасады.

«Сиздердин кызматыңыздар чоң жоопкерчиликти, каттуу тартипти талап кылгандай эле, ислам дини үй-бүлөгө убакыт бөлүп, балдарга мээрим төгүп тарбиялоо керектигин айтат. Балдардын жүрүм-турум, адеп-ахлактуу болуусунда ата-эненин орду чоң. Анткени бала укканына караганда көргөнүнө көбүрөөк маани берет. Аларга үлгү болушубуз керек», — деди Эмирлан ажы Бообеков.

Жолугушуу соңунда милиция кызматкерлери дин кызматкерлери менен биргеликте жаш өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин уюштуруу боюнча сунуштарын айтышты.