Акжол ажы Бакиров Жалпак-таш айыл аймагындагы мечиттердин ишмердүүлүгүнөн кабар алды

Бүгүн, 11-январь күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Жалпак-таш айыл аймагындагы мечиттердин ишмердүүлүгүнөн кабар алды. Анын алкагында мечиттеги өрт коопсуздугу, тазалыгы, жылуулугу жана ибадат кылуу үчүн түзүлгөн шарттар көздөн өткөрүлдү.

«Мечиттердин тазалыгы жана жылуулугу жылдан жылга жакшырып бара жатат. Эми өрт коопсуздугу боюнча да тиешелүү чараларды көрүп, кокустуктардан сактануубуз абзел», — деди Акжол ажы Бакиров.

Айта кетсек, аталган айыл аймакта жети мечит орун алган.