2024-жылдагы ажы башчылык сынакка каттоо башталды

Бүгүн, 12-январдан тарта ажыларды коштоп баруучу ажы башчыларды каттоого алуу башталды. Каттоо үстүбүздөгү жылдын 26-январь күнү (26-январды кошо эсептегенде) саат 17:00 гө чейин облустук, шаардык казыяттардагы жана райондук хатибияттардагы ажыларды серверге (базага) каттоочу операторлор тарабынан жүргүзүлөт.

2024-жылдагы ажы башчылыкка талапкерлерди тандап алуу ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын чечими менен тестирлөө түрүндө өткөрүлүп, болочок ажы башчылар шарияттагы ажылык маселелери боюнча өз күчтөрүн сынашат. Тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлер баарлашуу сынагынан өтүшмөкчү (тажрыйбасы, жөндөмдүүлүгү, уюштуруу чеберчилиги, араб тилинин билүүсү ж.б).  

ТАЛАПТАР:

1.       Ажы башчылыкка талапкерлерди каттоо тартиби биометрикалык ID-паспорттун негизинде жүргүзүлөт.

2.       Талапкердин өз колу менен Азирети Муфтийге жазылган арызы. (Ажы башчылыкка талапкерлердин тизмесине кабыл алуусун сурануу).

3.       Талапкердин резюмеси.

4.       КМДБнын түзүмүндөгү дин кызматкери катары азыркы учурда иштеп жаткандыгы туралуу маалым кат же буйрук; (Буйрук 2023-жылдын 12-январга чейин чыгарылган болуусу шарт. Эгерде жумуш ордун которгон болсо, эски буйругу менен жаңы буйругу кошо тиркелет. 2023-жылдын 12-январдан кийин берилген буйруктар ажы башчылыкка кабыл алынбайт).

5.       Ажы башчылыкка талапкер кызмат өтөгөн аймакта жумуш ордуна бекиткен буйругунун негизинде тийиштүү Казыяттын эсебинде каттоого алынат.

6.       Биометрикалык ID-паспорттун көчүрмөсү жана тышкы жарандык паспортунун көчүрмөсү  (биометрикалык жана тышкы паспорттордун көчүрмөсү бир баракта болуусу шарт);

7.       3х4 көлөмүндөгү 4 даана сүрөт; Сүрөт түстүү, ак фондо, матовой кагазда болуусу шарт (Ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт).

8.       Ажы башчылыкка талапкерлерден КРнын Ички Иштер Министрлигинин Маалымат Борборунан соттолбогондугу тууралуу (аныктама) маалым кат талап кылынат.

9.       Ажы башчылыкка талапкер, ажылык парзын өтөгөн же умрага барган болуусу шарт; (Ажылык визасынын көчүрмөсү, эгерде паспортун жаңылаган болсо Казыяттан ажылык парзын өтөгөн же умрага барган жана Саудия мамлекетине баргандыгы тууралуу аныктама талап кылынат).

10.     2023-жылы ажы башчылыкка тандалган талапкерлер 2024-жылдагы тандоого катыша албайт;

11.     Ажы башчылыкка талапкерлердин жашы 55 (элүү беш) жаштан ашпоого тийиш (2024-жылы 12-январдан кийин 56 жашка толгон талапкерлердин иш кагаздары кабыл алынбайт);

12.     Маалымат технологияларын өздөштүрө билүүсү шарт (өзгөчө: word, excel, ватсап ж.б.).

13.     Ажы башчылыкка талапкерлерден Республикалык жана облустук Психоневрологиялык жана Кожвендиспансерден учетто турбагандыгы тууралуу маалым кат талап кылынат.

14.     Ажы башчылыкка талапкерлердин иш кагаздарын Казыяттардын алдындагы жооптуу операторлор кабыл алат.

15.     Ар бир талапкерден өзүнө тиешелүү болгон жергиликтүү Казыяттардан ажы башчылыкка сунуштоо аныктама талап кылынат.

16.     Ажылыкта зыярат кылуучу жайлардын диндеги ордун (хаж маселесин) жакшы билип, сынак тапшыруусу;

17.     Араб тилин билүүсү;

18.     Уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү;

19.     Сауд Араб Падышалыгы тарабынан же САПтын ажылык базасынан  (Масар электрония), виза алуу учурларда, мурда ажыга барган ажы башчылыкка талапкерлерге кошумча төлөмдөр пайда болсо, ажы башчылыкка талапкер өзү төлөйт (Бул маалыматты операторлор, мурда ажыга  барган ар бир ажы башчыга  тааныштырып, каттоого алат).