Кара-Сууда имамга умра сапарына жолдомо белек кылынды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл өкмөтүндөгү Ак-Терек айылында жайгашкан «Камбаров Кайры» мечитинин имамы Байсалбек Самидиновго умра сапарына жолдомо белек кылынды.

Жолдомону Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн имам-хатиби Темирлан ажы Токоев жергиликтүү мечит жамаатынын астында тапшырды.

Айта кетсек, аталган айыл имамы Байсалбек Самидинов 9 жылдан бери мечитте имамдык кызматын аркалап келүүдө. Ошондой эле умра жолдомо ошол айылдын тургуну, учурда чет өлкөдө эмгектенип жүргөн жаран тарабынан каржыланды.