Кара-Суудагы «Имам-Ата» мечитинин алдына 14 даана арча көчөт тигилди

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагында жайгашкан «Имам-Ата» мечитинин имам-хатиби Юсуфхан Ахматалиевдин демилгесин жергиликтүү мечит жамааты колдоого алып, ибадат кылуучуларга ыңгайлуу шарт түзүү жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү максатында 147 миң сомдук иштер аткарылды. Натыйжада мечиттин тазалыгы, жылуулугу, мечиттин ичи-сырты кооздолуп, айланасы көрктөндүрүлдү.

«Аллах Таала Тообо сүрөсүнүн 18-аятында: «Аллахтын мечиттерин Аллахка, акырет күнүнө ишенген, намазды толук аткарган, зекет берген жана Аллахтан гана корккон (адам) курат! Мүмкүн алар Туура Жолдо болушар» деп билдирген деди Кара-Суу районунун  баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров.

Айта турган болсок, Ахматалиев Юсуфхан  «Имам-Ата» мечитинде 10 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келет. Ошондой эле 2021-жылы  жергиликтүү жамат имамдын элине, жерине кылган кызматын баалап,«Hunday Avante» үлгүсүндөгү автоунаасын белек кылышкан.