Бекназар ажы Жапаров: «Мечиттин курулушу менен тиешелүү иш кагаздары бир учурда бүткөнү жакшы»

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү жаңы курулуп жаткан 3 мечиттин жооптуу адамдары менен жолугушуп, тиешелүү иш кагаздары менен таанышты.

«Курулуп жаткан мечиттердин тиешелүү токтомдору, жердин багытын өзгөртүү боюнча иш кагаздары бүтүптүр. Эми калган иш кагаздарын да тез арада бүткөрүү керек. Мечиттин курулушу менен тиешелүү иш кагаздары экөөнүн бир учурда бүткөнү жакшы. Каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк берилгенден кийин расмий түрдө ишмердигин баштаса болот», — деди Бекназар ажы Жапаров.

Айта кетсек, буга чейин Ош облусунун мусулмандарынын казыятына караштуу жалпы мечиттер мамлекеттик эсептик каттоодон өткөн. Учурда жаңыдан курулуп жаткан диний объектилерди эсептик каттоодон өткөрүү иштери кызуу жүрүп жатат.