«Ибн Масуд» медресесинде матуридилик боюнча окуу семинары өтүлдү

Бүгүн, 15-январь күнү Бишкек шаарындагы «Ибн Масуд» атындагы медреседе Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү студенттер менен жолугушуп, «Акыйда» сабагы жана анын маанилүүлүгү, мазхабдагы бирдиктүүлүк жана ынтымак боюнча окуу семинары өтүштү.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын окуу бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт ажы Усмановдун жетекчилиги астында өткөрүлгөн семинарга Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Абдибаси Матраимов, Жеңишбек Курбанов, Мирзат Барпыбек жана Эмилбек Андартегин катышты. КМДБнын уставына ылайык, өлкөдө билим берип жаткан бардык диний окуу жайлар матуриди акыйдасын окутууга милдеттүү болгондуктан, Аалымдар Кеңешинин атайын токтомунун негизинде устаздар медреселерге барып сабак өтүшүүдө.