Эмирлан ажы Бообеков: «Талыкпай эмгектенип, эл-журтка пайдасы тийген эр-азамат болууга аракеттенели»

Кечээ, 15-январь күнү Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков Алай райондук маданият үйүндө мектеп окуучулары жана алардын ата-энелери үчүн өткөрүлгөн жыйынга катышып, өз баяндамасын жасады.

«Жаштык кез адамдагы энергия күчтөнүп турган убак болуп эсептелет. Мына ушул күч-кубатты туура багытка жумшоо үчүн убакытты текке кетирбей, илим алуу, ар түрдүү кесип үйрөнүүгө аракет кылуу зарыл. «Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дегендей, талыкпай эмгектенип, эл-журтка пайдасы тийген эр-азамат болууга аракеттенели. Адам канчалык даражасы көтөрүлсө да жөнөкөй, адамгерчиликтүү мүнөзүнөн кайтпасын. Анткени жөнөкөйлүк адамдын жылдызы», — деди Эмирлан ажы Бообеков.

Аталган жыйынга Ош облусундагы прокуратурасынын улук прокурору Курбаналы Ташкулов, бөлүм башчысы Алмаз Сегизбаев, Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Алтынбек Болбур уулу, Алай райондук прокуратурасынын орун басары Алмаз Малаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Таиров, мектеп директорлору жана мугалимдер катышты.

Жыйында «Кылмыштуулукту, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту жана эрте нике куракты алдын алуу» боюнча райондук прокуратура, ички иштер жана билим берүү бөлүмдөрү 2023-жылга аткарган иштери жана 2024-жылга пландары менен тааныштырып, доклад жасашты.

Ушундай эле иш-чаралар райондун бардык аймактарында уланып, тиешелүү жетекчилер кызматкерлери менен биргеликте мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.