Абдирашит ажы Батыров Кара-Суу районунун жаңы дайындалган акими Темирболот Абыкеев менен жолугушту

Бүгүн, 16-январь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров райондун жаңы дайындалган акими Темирболот Абыкеев Асаналиевич менен жолугушту.

Жолугушууда баш имам-хатиб 2023-жылы райондо болуп өткөн иш-чаралар боюнча маалымат берип, алдыда аткарылчу пландары менен бөлүштү.

“Районубузда быйыл 5 млн 545 миң сомдук кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулуп, жалпы 2344 үй-бүлөгө жардам берилди, “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” жана “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” Президентибиздин Жарлыгы боюнча иш-чаралар алгылыктуу болду. Жарлыкты ишке ашырууда жана кайрымдуулук иш-чарасын уюштурууда Кара-Суу районунун жалпы имамдары өз жамааттары менен биргеликте өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөттү. Мындан тышкары, экстремизм-терроризмдин алдын алууда имам-хатибдердин салымы зор”, — деди Абдирашит ажы Батыров.

Ошондой эле, 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын алкагында этностор аралык ынтымак-достукту бекемдөө, ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча бардык, т.а. 80 жума окулуучу жума мечиттерде эки жолудан, т.а. 160 тан ашык түшүндүрүү профилактикалык иш-чаралары жүргүзүлгөнүн жана жума баяндарда айтылгандыгын кошумчалап кетти.

Ал эми аким хатибияттын 2023-жылга карата жүргүзгөн ишмердүүлүгүнө “мыкты” деген баасын берип, дин кызматкерлери менен кызматташууга жана 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын биргеликте ишке ашырууга дайыма даяр экендигин билдирди. Мындан сырткары, жаштарды спортко кызыктыруу, чоң ири борбордук аянттарды оңдоп-түзөө, диний чөйрөдө мамлекеттик тилди жандандыруу, ар кандай терс диний агымдардын алдын алуу, улут аралык достукту бекемдөө, салттуу ислам динин кармануу, маданияттуу кийинүү жана жума баяндарда баяндарды сапаттуу, маанилүү, таасирдүү айтуу керектигин баса белгиледи.