Чоң-Алай районунда 10 жаштан 16 жашка чейинки балдар арасында Куран жарышы өткөрүлдү

(иллюстрациялык сүрөт)

Бүгүн, 16-январь күнү Ош облусуна караштуу Чоң-Алай райондук хатибиятынын демилгеси менен 10 жаштан 16 жашка чейинки балдар арасында Куран жарышы өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектер тапшырылды.

«Жаштык куракта илим алуу, ташка тамга баскандай» демекчи, жаштарыбыздын жаттаган Куран аяттарын бекем сактап, күчтүү карылардан болуусун ниет кылабыз. Окууга болгон кызыгуусун арттыруу жана жаттагандарын бекемдөө максатында чакан жарыш уюштуруп, кызыктыруучу белектер тапшырылды», — деди баш имам-хатиб Алимбек ажы Маматаминов.