Кемин районунда айыл имамына бодо мал белекке берилди

(иллюстрациялык сүрөт)

Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Жол-Булак айылынын жаштары айыл имамы Руслан Бозумовго ыраазычылык билдирип, эки бодо мал белекке беришти.

«Биздин жакшылык-жамандыгыбызда биз менен кошо кайгырып, бизге жөлөк болуп, бизди жакшылыкка баштап, келечек муунубузга ата-энени урматтоого, эл-жер үчүн, дин үчүн кызмат кылууга үгүттөп кызмат кылып жаткан имамыбызды аз да болсо кубанталы деп ушул демилгени уюштурдук», — деп билдирди айыл жаштары.

Демилгечилер айыл жергесинин шартын эске алып, белек иретинде бодо мал белек кылууну туура көрүшкөнүн белгилешти.