Акжол ажы Бакиров: «Башкаларга зыян келтирүүдөн алыс болуу керек»

Бүгүн, 16-январь күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун РИИБинде мектептин жогорку класс окуучуларына атайын ачык эшик астында иш-чара өткөрүлүп, ага райондун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Акжол ажы Бакиров «Илим алуу жана жүрүм-турумду жакшыртуу» деген темада баяндама жасады.

«Илим алууда күнүмдүк убакытты туура пайдаланганда жакшы натыйжаларды бере баштайт. Адам баласы илим алууда көп нерсени билүү менен гана чектелбестен, адамгерчиликтүү болууну да унутпашы керек. Ошол себептен башкаларга зыян келтирүүдөн алыс болгула», — деди Акжол ажы Бакиров.

Аталган иш-чарага Өзгөн районунун РИИБинин жетекчиси Айылчы Мырзамамытов баш болгон милиция кызматкерлери жана мектеп окуучулары катышты.